• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкектин мэри Азиз Суракматов Кореянын КРдагы элчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 27.10.18. /Кабар/. Кечээ, 26-октябрда Бишкектин мэри Азиз Суракматов Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэёк менен жолугушту.

Жолугушууда элчи мэрде жана мэриянын кызматтарынын кызматкерлеринде корейлердикиндей аябай күчтүү жана практикалык жумуш стили бар экенин белгиледи.

Ал ошондой эле Бишкекте дүйнөгө белгилүү корей бренддеринин расмий өкүлчүлүктөрү жок экендигин айтты. Жана борбордо корей иш коомунун өкүлдөрүнүн рыногуна чыгууга шарттарды түзүү үчүн активдүү иштөөгө болгон каалоосун билдирди.

Азиз Суракматов Бишкектеги “Физкультурный” гүл багынын аймагында Бишкек жана Кореянын Куми шаарларынын достугунун белгиси болгон монумент орнотулганын билдирип, кызматташтыктын активдүү уланышы керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий