• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин мэри болуп турганда Албек Ибраимов иш бөлмөсүндө 250 миң доллар алган - Коопсуздук кеңеши

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Бишкектин мэри болуп турганда Албек Ибраимов иш бөлмөсүндө 250 миң доллар алган. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, экс-мэрге карата кылмыш иштери бириктирилген.

"Ал "Дастан" транс улуттук корпорациясы менен "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсынын атайын шаймандар боюнча келишимди ашырылган баада түзүү фактысы боюнча иш. Анын жыйынтыгында мамлекетке 21 млн. 942 миң сом зыян келтирилген. Бул боюнча түз далилдердин негизинде ири өлчөмдө алдамчылык жасоо боюнча айып тагылган. Ошондой эле "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсынын мурдагы директору Сасыбаевага жана бухгалтер Мырзабековго күнөө тагылган", - деди ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысы бул иш боюнча түз далилдер табылганын, маселен Ибраимов Бишкектин мэри болуп турганда иш бөлмөсүнөн 250 миң доллар жана 20 миң доллар алганын жана ал каражат "Дастан Инжиниринг" ЖЧКСынын кассасынан алынганын белгиледи.

"Калган 3 иш Бишкекте жалпы аянты 5 гектар жерди мыйзамсыз берүү менен байланышкан. Кийинки кылмыш иши 7 гектардан ашык жерди мыйзамсыз трансформация боюнча болгон. Андан мамлекетке 5 млн. 574 миң сом зыян келген. Прокуратура Аламүдүн райондук сотуна жеке менчик укугу тууралуу күбөлүктү жараксыз деп табуу боюнча доо арыз берген. 2018-жылдын 7-декабрында сот ал күбөлүктү жараксыз деп тапкан", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий