• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин мэри үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом тапшырды

Коом 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылдын июль айында үч эм төрөлгөн (эки уул жана бир кыз) үй-бүлөдөн кабар алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр үй-бүлөгө чың ден соолук, жакшылыктарды каалап, 90 миң сомдук материалдык жардам тапшырды.

Эске салсак, Нурзада Сатымкулова үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда Шаардык перинаталдык борбордо үч эмди жарыкка алып келген. Балдарга Айданек, Шыгай, Абай аттуу ысымдар берилген.

Маалымат үчүн: Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 «Аз камсыз болгон жана жеңилдик алган жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын жашоочуларына жана жөлөкпул алууга укугу бар жарандарга даректүү социалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 22-беренесине ылайык, үч эм төрөлгөндө 900 эсептик көрсөткүчтө – 90 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Балдары төрөлгөндө ата-энелер Бишкек шаарында туруктуу каттоого турушу керек.

Пикир

Оставить комментарий