• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин мэри шаардык кызматтардын ишин текшерип чыкты

Коом 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Бмшкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын ишин текшерди, - деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Олег Попиков "Балалык" паркынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анда "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ирригациялык тармагын орнотуп, андан ары жашылдандыруу үчүн жер кыртышын иретке келтирип, тегиздеп, сейил бактын ландшафттык долбоорун иштеп чыгышты. Жакында паркта жаңы тротуарлар жана фонтан пайда болот.

Белгилей кетсек, парктын жалпы аянты 10 гектарды түзөт, анын көбү жашыл аймактардан турат.

Андан соң Т. Турсунбаева атындагы сейил багында болдук. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тарабынан эс алуу аймагына пушкин үлгүсүндөгү чырактар орнотулду. Сыртынан караганда, алар өткөн кылымдагыдай көрүнөт, бирок ал заманбап жана энергияны үнөмдөйт. Бул чырактар светодиоддуу, алар аянтты бардык стандарттарга ылайык жарыктандырат жана ошол эле учурда энергияны үнөмдөйт.

Текшерүү Горький көчөсүндө аяктады, ал жерде эксперименталдык участок катары чакан бөлүк тандалды. Ал жерде шаардык кызматтар пластик түтүктөрдү колдонуу менен бирге ирригация орнотуу менен тротуарды реконструкциялоо жана асфальт-бетондон бордюрларды орнотуу менен алек.

Пикир

Оставить комментарий