• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкектин мэри шаардык транспорт кызматкерлерин куттуктады

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын транспорт кызматкерлерин кесиптик майрамы – Автотранспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Калаа башчысы куттуктоо сөзүндө айдоочуларга талыкпаган, ак ниет эмгеги жана шаардын транспорт тармагын өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Сиздер шаарыбыздагы, өлкөбүздөгү эң орчундуу көйгөйлөрдү чечүүдө чоң жумуштарды аткарып жатасыздар. Анткени, жашоону унаасыз элестетүүгө болбойт. Сиздер элдин турмушун жеңилдетип, алысты жакындатып, шаардыктарыбызды көздөгөн жерине жеткирип, кызмат көрсөтүп келесиздер. Талыкпаган мээнетиңиздер, ак ниет эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем", - деди Бишкектин мэри.

Ошондой эле шаардык транспорт кызматтарында өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий