• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин мэри «Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен таанышуу сапарында болду, - деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, шаардык кызматтын кызматкерлери менен биргеликте материалдык-техникалык жактан жабдуу, кызматкерлер үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

"Борбор калаанын мэри кызматкерлердин алдына шаарды санитардык тазалоону күчөтүү, турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн өз убагында төлөм берүү боюнча шаардыктар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдетин койду. Жыйындын соңунда Эмилбек Абдыкадыров жамаатты Ак калпак күнү менен куттуктап, чың ден соолук, ийгиликтерди жана бакубат жашоо каалады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий