• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин мэри тилкелерди кайра сатууга мораторий киргизүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 14.09.18 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов убактылуу колдонууга берилген жер тилкелерин кайра сатууга 2018-2019-жылга мораторий киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал мэриянын коллегиясынын отурумунда билдирди.

Мэриянын маалыматына караганда, “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасы тарабынан биринчи баскычта арыздар түшкөндө арыздануучу берген документтерди карап чыгуу ишке ашырылат. Өз эрки менен куруу фактысы аныкталса, ишкана арыздануучуга материалдарын канааттандыруусу жок кайтарып берет.

Мындай жол менен 2017-2018-жылдары 57 объект аныкталган. Арыздануучулардын карап чыгуу сунушу четке кагылып, алар боюнча маалымат Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын аймактар аралык башкармалыгына тиешелүү административдик чара көрүүсү үчүн жиберилет. Аталган башкармалык Бишкек шаарындагы бардык мыйзамсыз объектилер боюнча административдик чараларды көрүп, соттук органдарга бузуу жөнүндө доо арыздарды берген.

Жыйындын жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жумушу канааттандырарлык эмес деп табылды.

Пикир

Оставить комментарий