• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкектин мэри жаңы жылды Ала-Тоо аянтында шаар тургундары менен бирге тосту (Сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 01.01.18 /Кабар/. Ала-Тоо аянтында 31-декабрда кыргыз эстрада жылдыздары жана белгилүү бий топторунун катышуусунда жаңы жылдык иш-чара өттү,-деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жаңы 2018-жылды шаар тургандары жана коноктору менен бирге тоскону калаа башчы Албек Ибраимов да келген.

Саат 23:50дө өлкөнүн башкы балатысынын жанында орнотулган чоң LED-экрандан КРнын президенти Сооронбай Жээнбековдун куттукттоосун көрүшкөн.

Жаңы жылдык иш-чара саат 00:00дө көз жоосун алган салюттардын асманга атылышы менен аяктаган. Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн саат 02:00 чейин автобус, троллейбус жана кичи бустар иштеп турган.

2000ден ашуун милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөгөн.

Пикир

Оставить комментарий