• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин мэриясы №66 орто мектептеги абал боюнча чараларды көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Бишкектин мэриясы №66 мектептеги абал боюнча чараларды көрүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн, билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун, райондук администрациялардын акимдеринин орун басарларынын катышуусунда мектептерде окугандардын коопсуздугу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Жакында жолугушуулар өтүп, анда видеобайкоо камераларын орнотуу, акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарларынын, райондук билим берүү борборлорунун окуучулардын коопсуздугу боюнча жеке көзөмөлүн күчөтүү маселелери талкууланат.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жалпы билим берүү мекемелерин рэкет жана окуучуларга баңгизатын сатуусун аныктоо боюнча текшерүү иштерин күчөтөт. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн комиссиясы райондун жашы жете электердин иши боюнча инспекциясына карата дисциплинардык чараларды көрөт.

Муниципалитеттин дисциплинардык комиссиясы Свердлов районунун акиминин орун басарынын жана Бишкектин мэриясынын аппаратынын социалдык саясат бөлүмүн жетектеген адамдын жоопкерчилик чарасы тууралуу, ошондой эле райондук билим берүү борборунун директорун жана №66 мектептин директорун кызматынан бошотуу тууралуу маселени карайт.

Пикир

Оставить комментарий