• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин милиция кызматкерлери журналисттерден кечирим сурады

Коом 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Бишкектеги митинг учурунда журналистти кармап кеткен милиция кызматкерлери алардан кечирим сурашты.

Эске салсак, 17-январда Ала-Тоо аянтына митинг өтүп, айрымдарын милиция кызматкерлери кармат кеткен. Кармалгандардын арасында журналисттер дагы болгон.

Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына журналисттер пикет өткөрүштү. Алар колдоруна "Мен милициянын зөөкүрлүгүнө макул эмесмин", "Тикелей милдетин аткарып жаткан журналистти байлап кетүү жарабайт!" деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Пикетке чыккан журналисттерди Бишкек шаардык милициянын жетекчилиги кабыл алып, митинг учурунда коомдук тартипти бузгандар менен телеканалдардын кызматкерлери кошо кармалып калганына байланыштуу журналисттерден кечирим сурады.

"Кабарчы эл катары телефон менен видео тартып жүргөн кезинде анын журналист экендигин эч ким билбегендигин баса белгиледи. "Next TV" телеканалынын кызматкеринде аянтта коомдук коопсуздукту бузган жарандардан ЖМКнын өкүлдөрүн айырмалай турган айырмалануучу же өзгөчө белгилер болгон эмес. Кармалган жарандарды милиция бөлүмүнө жеткиргенде аны-жөнүн такташып, телеканалдардын өкүлдөрүн коё беришкен", - деп кабарлады шаардык милициянын басма сөз кызматы.

Бишкек милициясы ар кандай митинг, пикет, акцияларды чагылдырууда журналисттер атайын белгилери бар жилеттерди же бейджиктерин тагына жүрүшүн суранат.

Пикир

Оставить комментарий