• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Иран өзөктүк келишим боюнча милдеттенмелерин аткарууну жарым-жартылай токтотту

Дүйнө 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Иран өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттенмелерин аткарууну токтотту. Бул тууралуу өлкө президенти Хасан Роухани билдирди. Маалыматка караганда, Тегеран мындай чечими тууралуу Орусия, Улуу Британия, Кытай, Евробиримдик жана Германия элчилерине маалымат берди.

Хасан Роухани Иран байытылган уран менен дейтерий оксидин сатууну токтотуп, 60 күндөн кийин келишимдеги башка бир нече пункттан дагы баш тартышы мүмкүн экенин билдирди. Роухани келишимге кол койгон башка өлкөлөрдү бул аралыкта Ирандын мунай жана банк тармагын америкалык санкциялардан коргоого чакырды.

7-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Европага сапарын күтүүсүз токтотуп, Иракка барган. Ал бул чечимин Ирандын активдүүлүгүнүн күчөшү менен түшүндүргөн. Ал ортодо Пентагон Тегеран аймактагы америкалык аскерлерге кол салууга даярданып жатышы мүмкүндүгүн билдирди.

2015-жылы Иран, АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Улуу Британия жана Германия өлкөлөрү кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жеңилдетилген. 2018-жылы АКШ бул келишимден чыкканын жарыялаган. Анда президент Дональд Трамп келишимди адилетсиз деп атап, жаңы талаптарды койгон.

Андан соң Вашингтон Тегеранга каршы киргизилген санкцияларды кеңейткен. Европа биримдиги менен Түркия бул чектөөлөр өзөктүк келишимдин сакталып калышына коркунуч жаратарын айтып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий