• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов коррупция беренеси боюнча айыпталууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго коррупция беренеси боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратура “Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын мурдагы директору Эмир Чукуевге карата ачылган иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Албек Ибраимовдун ошол учурда Бишкек шаарынын мэри жана “Манас” эл аралык аэропортунун” директорлор кеңешинин төрагасы кызматында болуп туруп «Gata havayollari ve tasimacilik» түрк компаниясын жана чет элдик компаниянын эл аралык жүк ташууларына мыйзамсыз жеңилдик берүү жолу менен пайда көргөн аэропорттун кызмат адамдарын колдогону аныкталганын кабарлайт.

Ушуга байланыштуу, 2021-жылы 8-февралда тергөө органдары тарабынан КР Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча сырттан айыпталды. Азыркы учурда ал издөөдө.

Пикир

Оставить комментарий