• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму дагы жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 03.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бүгүн калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланышы керек болчу.

Бирок айыпталуучулардын жактоочулары келбегендиктен сот отурум башка күнгө жылдырылды. Кийинки отурум 10-апрелге белгиленди.

Эскерте кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып коюлган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий