• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин мурдагы мэрлеринин иши. Ибраимов көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Коом 0

Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 30-август күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 айыпталуучунун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сот жыйынынын жүрүшүндө айыпталуучулардан сурак алуу жүрүүдө. Айыпталуучулардын айрымдары жактоочу Сергей Слесаревдин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты. Ага байланыштуу Албек Ибраимов да көрсөтмө берүүдөн баш тартты.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий