• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин оңдолгон жолдорундагы кемчиликтерди жоюу иштери жүрүүдө - мэрия

Коом 0

Бишкек, 24.09.20 /Кабар/. Шаардын көчөлөрүндө Кытай Эл Республикасынын (КЭР) грантынын эсебинен көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун биринчи фазасынын алкагында оңдолгон жолдордогу кемичиликтерди жоюу иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кемчиликтерди жоюу 43 көчөдө каралган. 24 көчөдө бузулган жерлер оңдолуп, калган көчөлөр октябрь айынын аягына чейин бүткөрүлөт:

Мамбетов көчөсү Айтматов көчөсүнөн Шабдан-Баатыр көчөсүнө чейин;

Токтоналиев көчөсү Масалиев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин;

Орто-Көчө көчөсү Ынтымак жаңы конушу;

Малдыбаевт көчөсү;

Фрунзе көчөсү Айтматов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;

Турусбеков көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Чуйков көчөсүнө чейин;

Кольбаев көчөсү Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;

Профсоюз көчөсү Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин;

Садыгалиев көчөсү Дэн Сяопин проспектисинен Профсоюз көчөсүнө чейин;

Тыналиев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин;

Профессор Зимы көчөсү №81 мектептен Бухарскоц көчөсүнө чейин;

Салтанат көчөсү Кайназарова көчөсүнөн П. Лумумба көчөсүнө чейин;

«Мурас-Ордо» конушу Озерное айылынан Мурас-Ордо проспектисине чейин;

Ахунбаев көчөсү «Арча-Бешик» конушунун Бах көчөсүнөн «Ак-Ордо» конушунун Тагай-Бий көчөсүнө чейин;
«Арча-Бешик» конушу Шералиев көчөсү;

Орозбеков көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин;

Л.Толстой көчөсү Садыгалиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

Күйүков көчөсү Бах көчөсүнөн Муромский көчөсүнө чейин;

Щербаков көчөсү Бакинский көчөсүнөн М. Ганди көчөсүнө чейин.

Негизинен, подрядчылар жолдун жээк таштарын, ирригациялык түйүндөрүн жана тротуарлардын плиталарын алмаштырат, жолдун жаракаларды толтурат, кудуктарды оңдойт жана жолдорго белгилерди түшүрөт. Унаа жолдун сапатына эч кандай маселелер жаралган жок.

Белгилей кетсек, кемчиликтер шаардык инженердик-курулуш кызматтарынын, райондук акимиаттын, МАБ адистери жана бөдрөтчү компаниянын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталат. Ар бир көчөнү кыдырып, бузулган жерлерге дефект акты түзүлүп, анын негизинде иштер жүргүзүлүп жатат.

Жалпысынан ушул долбоордун алкагында жалпы узундугу 93 чакырымдан ашык 48 көчө курулуп, оңдолгон. Ар бир көчө ушул жылдын күзүндө аяктаган эки жылдык кепилдик менен жасалган. Келишимдин шарттарына ылайык, подрядчы компания учурда табылган бардык кемчиликтерди өз эсебинен оңдоосу керек.

Пикир

Оставить комментарий