• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин Октябрь районундагы таштандыларды тазалоого 5 жеке ишкана тартылды

Коом 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районундагы таштандыларды тазалоого катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча 5 жеке ишкана тартылды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

Анын айтымында, компаниялардын ишин “Тазалык” муниципалдык ишканасы көзөмөлдөдү.

“Алгачкы күндөрү күнүнө 149 тоннага жакын таштанды чыгарылса, кийин бул көрсөткүч 76 тоннага азайган. Бишкектин бир районунан күнүнө орто эсеп менен 170 тоннадан ашык таштанды чыгарылат”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 29-октябрдан тарта "Комтранском" жеке ишканасы Октябрь районун тейлөөнү токтоткон, ага байланыштуу таштандылар чогулган. Жогорудагы компания 2016-2022-жылдар аралыгындагы топтолгон 12 млн сом карызы үчүн келишимди бузуп, районду тейлөөдөн баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий