• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин Октябрь районунун акими коррупцияга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Коррупцияга шектелип Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константин Куценко кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Куценко кечээ, 23-ноябрь күнү Каржы полициясы тарабынан мындан мурда, соттун чечими менен камакта болуп, конфискациялана турган жер тилкесинин ээсин алмаштыруу жана жер тилкесин камактан чыгаруу боюнча аныкталган коррупциялык схеманын алкагында кармалган.

Каржы полициясынан белгилешкендей, мындан мурда аталган иштин алкагында коррупцияга шектелип Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун Ч.С. аттуу башчысы жана Бишкектин Аймактар аралык сотунун Ж.Н. аттуу соту кармалган.

“2016-жылы айрым адамдар материалдык байлык табуу максатында өз тааныштарын колдонуп, КР президентинин аппаратынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары, айрым соттор жана сот системасынын кызматкерлери менен байланыш түзүп, “Г.Э” ЖЧКсынын кызыкчылыгында иш алып барып, соттук иш жана соттук чечимдерди жасалмалоо жолу менен соттун өкүмү боюнча конфискациялана турган мүлктү камактан чыгарган”, - деп билдирет Каржы полициясы.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси 1-бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш иши ачылган.

Учурда бул ишке катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий