• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин Октябрь районунун акими кызматтан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константин Куценко жазган арызына ылайык кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

Эскерте кетсек, бүгүн Каржы полициясы Октябрь районунун акими Константин Куценко коррупцияга шектелип кармалганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий