• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин Октябрь районунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин юридикалык дареги өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин юридикалык дареги өзгөртүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Бишкек шаарынын Октябрь районунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин юридикалык дареги өзгөргөндүгүнө байланыштуу, жарандарды кабыл алуу 2021-жылдын 21-июлунан тарта Бишкек шаары Сагынбай манасчы көчөсү 140 дареги боюнча жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий