• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин Октябрь районунун мобилдик тобу калкты тейлөө борборуна рейд жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Коронавирустук инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды көрүү максатында Бишкек шаарынын Октябрь районунун мобилдик тобу рейд өткөрдү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мобилдик топ райондун калкты тейлөө борборуна барды.

Топ коомдук жайларда аралыкты жана беткап режимин сактоо боюнча шаар тургундары менен түшүндүрүү иштерин өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий