• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош базарындагы тартипти калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилди — Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ленин районунун башчысы Мурат Осмоновдун төрагалыгы астында акимчиликтин жыйындар залында шаардык, райондук кызматтардын башчылары жана райондук МАБ башчыларынын катышуусунда кезектеги пландуу жыйын өткөрүлдү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы жана 2021-2022 жаңы окуу жылына даярдык иштери жөнүндө райондук билим берүү борборунун отчеттору угулду. Мындан тышкары, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын биринчи жарымында аткарылган иштер боюнча отчеттору угулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында акимдин биринчи орун басарына Маңка-Жар каналынын сел тосмосунун жээктерин механикалык тазалоо жана бекемдөө иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү, ошондой эле “Ош” базарынын аймагында стихиялуу сооданын жоюлушун көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Ал эми "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директорунун орун басарына таштанды контейнерлерин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн жана базарларда катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу мөөнөтүн кайра карап чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий