• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте көмүрдүн баасы жана запасы көзөмөлдөнүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.11.22./Кабар/. Бишкектин отун базаларындагы көмүрдүн баасы жана запасы көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун акимиаты Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын инспекторлору, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жана Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы менен биргеликте Ленин районундагы отун базаларында көмүрдүн баасына жана запастарына мониторинг жүргүзүштү.

Муниципалитеттен белгилешкендей, мониторингдин жүрүшүндө катуу отунга (көмүргө) баалардын спекуляциялык өсүшүнө жол бербөө максатында отун базаларынын жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда отун базаларында Кара-Кече кенинен чыккан жергиликтүү көмүрдүн баасы тоннасына 4500 сомдон сатылып, көмүрдүн көлөмү жетиштүү болсо, казактардын Шабыркүл көмүрү 5500 сомдон сатылууда.

Октябрь районунда да Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Бишкек шаарында ата мекендик көмүргө болгон баанын белгиленген баадан ашыкча болушуна жол бербөө боюнча рейддер жүргүзүлдү.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында мыйзам бузуулар боюнча 2 протокол түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий