• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин Панфилов көчөсү убактылуу эки тараптуу болот

Коом 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Кулатов көчөсү реконструкциялангандыгына байланыштуу Панфилов көчөсү убактылуу эки тараптуу болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүнүн Каракулская көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу Логвиненко көчөсү Лев Толстойдон Кулатовго чейин толугу менен жабылып, Панфилов көчөсү боюнча Лев Толстойдон Кулатовго чейин эки тараптуу кыймыл уюштурулат.

Жолду оңдоо Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан алдын ала жол тандап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий