• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин Биринчи май районунун акими жолдордун курулушун текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев райондун көчөлөрүн текшерүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аким шаардык кызматтар менен бирге Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгүнө көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйынтыгында көрктөндүрүү жана санитардык тартип боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. Бир катар маселелер жеринде дароо чечилди.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына көчө боюндагы бактарды санитардык кыркуу иштерин жүргүзүү, сугат тармактарын тиешелүү абалга келтирүү, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына жээк таштарды жана таман таштарды оңдоо, чуңкурларды жамоо, Санитардык-экологиялык инспекцияна №13 МАБ менен биргеликте көп кабаттуу үйлөргө, чарба субъектилерине чектеш аймакта санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий