• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин реабилитациялык борборунда жана карылардын үй-интернатында Масленицаны майрамдашты

Коом 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Бишкек мэриясы шаардыктар үчүн Масленицаны (славян элдеринде кыштын өтүшүнө арналган майрам) майрамдоо аземин уюштурду.

Маалыматка караганда, башкалаанын маданият башкармалыгы, башкалаа артисттери шардыктар үчүн Масленицаны майрамдоо урматына кызыктуу концерттик программа даярдашты.

“Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборунда шаардык “Диалог” маданият үйүнүн артисттери концерт коюшту жана бул жерде сынактар, оюн-зооктор болуп өттү. Балдардын жан-дүйнөсү жаркып, сынактарга, оюндарга катышып, Масленицанын символу болгон блиныны тамшанып жешти.

Ошондой эле, “Диалог” жана “Радуга” ансамблдери Ленин районундагы карылардын үй-интернатына да концерт коюшту. Бул жерде да ата-апаларга майрамдык сый тамак – блины тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий