• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин ресторандарынын биринде массалык уулануу болгон

Ден соолук 0

Бишкек, 01.04.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын ресторандарынын биринде тамактан массалык түрдө уулануу болгон. Жабырлануучулар кечээ кечтен баштап кайрыла башташканын КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын 1-апрелине карата Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 38 жабырлануучу бар, алардын 7 балдар. Баарынын абалдары орто, жеңил даражада. Бардык жабырлануучулар тиешелүү түрдө дарыланып жатышат, дары-дармектер менен камсыздалышкан.

Мамсанэпидем көзөмөл борбору тарабынан эпидемиологиялык тергөө жүрүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча 190го жакын конок ар түрдүү аймактардан чакырылган (Ош, Нарын, Ысык-Көл). Буга байланыштуу бардык облустук жана райондук Мамсанэпидем көзөмөл борборлору тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган.

Уулангандардан үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн. Жыйынтыгы үч күндүн ичинде белгилүү болот. Ошондой эле ресторанда текшерүү жүргүзүлүп, үлгүлөр алынууда.

Кырдаал министрдин орун басарынын, мамлекеттик башкы санитардык дарыгер Олег Гориндин көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий