• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин сейил бактарындагы жашыл өсүмдүктөргө инвентаризация жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы сейил бактардагы жашыл аянттарды инвентаризациялоону баштады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул үчүн ар бир паркка аты жазылган бирка даярдалган.

КР Улуттук илимдер академиясынын Токой чарба институту менен инвентаризация иштерин жүргүзүү боюнча келишим түзүлдү.

Инвентаризациянын жүрүшүндө алынган маалыматтар парктын айрым элементтерин капиталдык оңдоп-түзөө жана учурдагы оңдоо боюнча арыздарды түзүүдө колдонулат.

Иш-чаранын максаты - парк элементтерин жалпы пайдалануудагы жерлердин тизмесине киргизүү боюнча чечим кабыл алуу, андагы маалыматты оңдоо, ведомостторду түзүү жана паспорттоштуруу.

Пикир

Оставить комментарий