• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин Шүкүров көчөсүндө 71 тосмо алынат

Коом 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Бишкектин Шүкүров көчөсүндө 71 тосмо алынат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган көчөдө жол реконструкцияланат.

"Муниципалитет тарабынан буга чейин муниципалдык аймактын чегинен чыгып кеткен үй ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, эскертүүлөр аткарылган эмес. 5 күндүн ичинде менчик ээлери өз ыктыяры менен муниципалдык жер тилкелерин бошотуп берүүсү керектиги тууралуу билдирүүлөр таратылган. Шаардыктар тарабынан алдын ала көрүлгөн чаралардан кийин, өз ыктыяры менен 8 тосмо демонтаждалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Мэрия баш ийбеген үй ээлеринин тосмолору муниципалитет тарабынан демонтаждаларын эскертет.

Кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырууга болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий