• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин соода борборлорунда COVID-19га каршы эмдөө пункттары ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бишкектин соода борборлорунда убактылуу эмдөө пункттары ачылды, анда шаардыктар «Sinopharm» кытай вакцинасын алышат, деп билдирет муниципалитеттен.

Төмөндө эмдөө пункттарынын даректери:

Ленин району:

- «Берекет универсал» соода борбору, Ош базарынын аймагында (Фучик көчөсү, №20/3, 0-кабат);

- «Азия Молл» соода борбору (Ч.Айтматов проспектиси №3);

Октябрь району:

- «Таш-Рабат» соода борбору (М.Горький көчөсү, №1);

- «Космопарк» соода борбору (Юнусалиев көчөсү, №40а (7-кичирайон);

Биринчи май району

- «Вефа» соода борбору (Байтик Баатыр көчөсү, №98);

- «Бишкекпарк» соода борбору (Киев көчөсү, №148);

Свердлов району:

- «Деский мир» соода борбору (Чүй проспекти, №147/4);

- «Чынар» базары (Аламедин-1 кичирайону, №63/1).

«Вакцина алуучунун паспорту жанында болуусу керек, анткени паспорттогу бардык маалымат боюнча эмделүүчү адам Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөдөн өткөндөрдүн маалымат базасына киргизилет»,-деп айтылат маалыматт.

Өз кезегинде, эмдөөнүн бардык маселелери боюнча жарандар “Эмдөө” ишеним телефонуна кайрыла алышат: 0(312) 31 32 97 

Эскерте кетсек, кечээ республикага «Sinopharm» кытай вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасы келген. Анын ичинен борбор калаага 240 миң доза бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий