• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин студенттери иштей турган 7 жумуш

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 20.11.17 /Айсулуу Кабылбекова - Кабар/. Азыр көпчүлүк студенттер иштеп, өзүн-өзү камсыздоону каалашат. Бирок тилекке каршы, окуу менен айкалыштырууга болгон жумуштардын саны жокко эсе. 17-ноябрь студенттердин күнүнө карата кабарчыбыз бир учурда окуп жана иштеп жаткан студенттердин мисалында, алар үчүн ылайыктуу жумуштардын тизмесин түзгөн.

Айгерим менен Азиз О! уюлдук операторунун промоутери болуп иштешет. Күнүнө төрт гана саатты талап кылган бул жумуш, окууларына эч тоскоолдук келтирбейт. Азиз Кыргыз-Славян университетинин 2-курсунун студенти болсо, Айгерим Кыргыз-Түрк Манас университетинин даярдоо курсунда окуйт. Алардын айтымында, маяналары сатууларга жана адамдын көптүгүнө жараша 8 миң сомдон 20 миң сомго чейин жетет. Ал эми иштөө графиги алты күн иштеп, бир күн дем алыш деп макулдашылган.Дагы бир артыкчылыгы, мында үч кезек бар. Сабактан бош убактыңа жараша эртең менен, түштө же кечинде ишке чыкса болот.

Каармандарыбыз бул жумушка кирүү үчүн мобилдик оператордун кеңсесине кайрылышкан.

Бермет VEFA соода борборунун биринчи кабатында “Pi Ala Coffee” кофе үйүнүн сатуучусу болуп эмгектенет. Өзү Кыргыз-Казак университетинде экономика факультетинин 4-курсунун студенти. Жумушка дем алыш жана майрам күндөрү же сабагынан бошогонго чогуу иштеген кыз менен макулдашып чыгат. Айдын аягында бул эмгегинин акыбети 10 миңден 15 миң сомго чейинки суммада кайтат.

Берметтин бул жерде иштегенине жети айдын жүзү болгон. Азыр окуусуна кенен жетишип, өзүнүн керектөөлөрүн өзү камсыздай алаарына кубанат.

Акылай “Алма” гипермакетиндеги “Alexandra” дүкөнүнүн жарнамалык баракчаларын таратат. Анын милдети - дүкөнгө мүмкүн болушунча көп кардар чакыруу. Бул жумуштун убактысы таңкы саат ондон баштап кечки онго чейин үч сааттан бөлүнгөн. Ар бир промоутер өзүнө ылайыктуу убакытты тандап алат. Акылай сабагы аяктаганда келип, төрттөн жетиге чейин иштейт. Жумасына тапкан 1200 сомдун тегерегиндеги каражат өзүнүн жол кире, тамак-ашка кеткен чыгымдарына кенен жетет. Жана дагы кокус ооруп же олуттуу иштери чыгып калса, суранып алганга да шарт түзүлгөн.

Акылайдын айтымында, бул жумуш студенттер үчүн табылгыс мүмкүнчүлүк. Анткени сабакка тоскоол болбойт жана көп чарчабайсың. Ал бул жумушка кирүү үчүн Манас проспекти менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Alexandra” дүкөнүнүн негизги бөлүгүнө кайрылган.

Эгер кайсы бир предметти мыкты деңгээлде билсеңиз, Айзатка окшоп окутуучу болуп иштесеңиз болот. Ал “Сынак” окутуу борборунда 11-класстын окуучуларын Жалпы Республикалык тестке кыргыз тили жана логика сабагынан даярдайт. Айзаттын айтымында, бул жерге алгач биринчи курста дос кызынын чакыруусу менен келген. Мыкты билген кыргыз тили сабагынан борбордун жетекчилеринин алдында кадимки эле сабак өтүп, жумушка кабыл алынган. Быйыл мугалим болуп иштегенине үч жылдын жүзү болот.

Бул жумуштун графиги сабагына туура келет, эртең менен, түштөн кийин, дем алыш күндөрү бош убактыңа ылайыктап, топ алсаң болот. Айлык-акы да албетте топтун, же окуучулардын көптүгүнө жараша өзгөрөт. Айзат азыр эки топко сабак берип, 10 миң сом айлык алат. Ал Кыргыз-Түрк Манас университетинин 4-курсунун студенти.

Мындай ишке кирүү үчүн ЖРТга даярдоо борборлоруна кайрылып, мыкты билген предметиңен мыкты сабак өтүү керек.

Айчүрөк (өзүнүн каалоосу менен аты өзгөртүлгөн) “Алма” гипермаркетинин экинчи кабатында телефонго керектүү жабдыктарды сатып иштейт. Ал бул ишке 11-классты бүткөндө жайкы каникул учурунда кирген. Азыр Кыргыз-Түрк Манас университетинде даярдоо курсунда окуйт. Сабагы түштөн кийин башталгандыктан, эртең менен жумушка келип, түштө сабакка барат да, кечинде кайра ишке чыгат. Жалпысынан күнүнө 7 саат иштеп, айына 10 миң сомдон ашык акча табат.

Айчүрөктүн айтымында, экинчи жылы иштеп жаткандыктан мындай графикке көнүп калган. Азыр сабагына да жетишип, ишин да калтырбай эмгектенип келе жатат.

Кундуз айым да Айчүрөккө окшоп эртең менен жумушка чыгып, түштө сабагына барат да кайра жумушуна кайтат. Ал “VEFA” соода борборундагы “Terranova” дүкөнүнүн тазалыгына жооп берет. Бул эмгегине 15 миң сом алып, анын эсебинен батирдин акысын төлөп, сиңдисин да камсыздайт. Азыр Кундуз музыкалык колледжде окуусун улантууда.

Ал эми Айтолкун алыска кетпей эле, өзүнүн окуган Кыргыз-Түрк Манас университетинин ашканасына жумушка кирип алган. Ал жерде сатуучу-официант болуп иштейт. Даярдоо курсунун сабагы түшкө чейин болгондуктан, сабактан кийин 1.30да дароо жумушка киришет. Кечки саат бешке чейин иштеп, ар бир саатына 50 сомдон алат. Бул акча аз көрүнгөнү менен айдын аягында жакшы эле каражатка айланып калат экен. Бул жумушка кирүү үчүн Социалдык курулуштар имаратына барып кезекке туруу кажет.

Айтолкун жумуштан чыгып, сабагын да окуп, ар кандай интеллектуалдык сынактарга катышканга да жетишет. Менин суроолорума жооп берген соң, “Ойлоншоу” сынагына катышууга шашылып жөнөп кетти.

Чындыгында, жогорудагы студенттерден үлгү алууга болот. Албетте, студенттер үчүн эң башкысы билим алып, өз кесибинин татыктуу адиси болуу абдан маанилүү. Анткен менен заман агымы менен тең жарышып, убакытты сарамжалдуу пайдалануу менен пайдалуу аракеттерди жасоого болорун ырастаган студенттер бар.

Пикир

Оставить комментарий