• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин Свердлов райондук сотунда өспүрүмдөрдүн сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту бүгүнкү Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө сот кызматкерлеринин балдары үчүн жаш өспүрүмдөр сүрөтүнүн сынагын жарыялады.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сынак катышуучулардын жашына жараша үч топко бөлүндү. Кенже курактагылар 5 жашка чейин, 5 жаш 10 жашка чейин орточо курактагылар, 10 жаштан жана андан жогорулар катталды.

Кенже курак категориясында мыктылардын мыктысы деп 2 жаштагы Аруузаттын сүрөттөрү байгеге ээ болсо, ортоңку курак категориясында 7 жаштагы Аман, 9 жаштагы Азалия жана 7 жаштагы Али утушка жетишти. Жогорку курактагылардын жеңүүчүсү болуп Дарья таанылган. Ал 14 жашта.

Белгилей кетүүчү нерсе, бардык катышуучуларга сынакка катышкандыгы үчүн кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий