• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин Свердлов районунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун башчысынын орун басары Рустам Касымбековдун төрагалыгы алдында 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча райондук штаб өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга муниципалдык администрациянын кызматкерлери, коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү, райондук кызматтардын жетекчилери, ошондой эле МАБдардын жетекчилери катышты.

Талкуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

МАБдардын жетекчилерине көмүр камдоо боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына билим берүү мекемелериндеги отканаларды жаратылыш газына өткөрүү, райондук билим берүү борборуна жылытуу системасын оңдоону өз убагында бүткөрүү тапшырылды.

“Чыгыш” РЭС жана Свердлов району боюнча Энергосбыт бөлүмүнө электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий