• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин түндүк тарабында жүк ташуучу унаа жеңил унааны сүзүп алды

Кырсык 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Бишкектин түндүк тарабында жүк ташуучу унаа жеңил унааны сүзүп алды. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине окуянын күбөлөрү кабарлашты.

Күбөнүн айтуусуна караганда, кырсык кечээ, 12-ноябрда болжол менен саат 19:30да Бишкектеги Киргизия жана Совет тар көчөсүнүн кесилишинде катталган.

""Субару" унаасы Киргизия көчөсүндө жол чырактын күйүшүн күтүп, солго бурулганы даярданып турган. Ошол маалда жол чырактын сары белгисинен өтүп кетүүгө аракет кылган жүк ташуучу унаа, элди салып жаткан кичи автобустан буйтап, "Субаруну" сүзүп алды. Жеңил унаа жолдон чыгып кетти. Бактыга жараша жолдун жээгинде адамдар болгон эмес", – дейт күбө.

Ал белгилегендей, жабыркагандар жок.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан маалыматты тактап жатышкандыгын кабарлашты.

Пикир

Оставить комментарий