• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин төрөт үйлөрү аялдарды кабыл албай жатабы? - министрдин орун басары баласы өлүү төрөлгөн аял тууралуу айтып берди

Ден соолук 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Бишкектин төрөт үйлөрүндө аялдарды кабыл албайт жатат деген маселе парламентте жана ЖМКда көтөрүлдү. Бул маселеге байланыштуу ыкчам жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, кечээ кечинде саламаттык сактоо министри жетектеген бул топтун жыйыны болду.

“1982-жылы туулган А.Э. аттуу жаран азыркы убакта шаардык перинаталдык борбордо, кечээ ага төрөттү тездетүүчү дары-дармектер сайылып, төрөт кабыл алынган. Бирок, тилекке каршы өлүк бала төрөлгөн. Учурда аялдын абалы жакшы, анын үч баласы бар, азыркысы 4-төрөтү экен. Бирок, биз азыр каяктан жана кандай кемчиликтер кеткендигин иликтеп жатабыз, сөзсүз чара көрөбүз”, - деп билдирди Каратаев.

Пикир

Оставить комментарий