• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин жети көчөсүнүн тротуарларын оңдоо иштери пландалууда

Коом 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/.Бишкек шаарынын жети көчөсүнүн тротураларын оңдоо иштери пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлөт:

  • Жибек-Жолу проспектисинин түндүк-түштүк тарабы Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
  • Чүй проспектисинин түндүк-түштүк тарабы Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
  • Киев көчөсүнүн түндүк-түштүк тарабы Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
  • Абдрахманов (Байтик Баатыр көчөсү) көчөсүнүн чыгыш-батыш тарабы Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
  • Манас проспектисинин/Ч.Айтматов көчөсүнүн чыгыш-батыш тарабы Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин;
  • Жаш Гвардия бульварынын чыгыш-батыш тарабы Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
  • Ахунбаев көчөсүнүн түндүк-түштүк тарабы Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч.Айтматов көчөсүнө чейин.

Пикир

Оставить комментарий