• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин түштүгүндө баасы 92,5 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жалпы баасы 92 млн 509 миң 500 сомду түзгөн 0.54 га жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Бишкек шаарынын “Арча-Бешик” жаңы конушундагы Тыналиев жана Бакаев көчөлөрүнүн арасындагы, А.Масалиев көчөсүнүн түштүк тарабынан орун алган (түштүк магистраль) жер тилкелер мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Алсак, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жыл ичинде жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен “кызыл сызыктардан” тышкары турган жана калктуу конуштардын жалпы пайдалануусундагы жерлерди 10 тилкеге бөлүп, турак үй куруу үчүн жеке жактарга берип салышкан.

Жогорудагы жер тилкелерге берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу үчүн прокуратура тарабынан сотко тийиштүү доо арыздар киргизилип, кароонун жыйынтыгы менен алар толук канааттандырылган.

Ошондой эле, Бишкек шаардык мэриясына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 92 509 500 сомду түзгөн 0.54 га кыймылсыз мүлк мамлекеттин балансына кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий