• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин түштүгүндө кыздын жансыз денеси табылды, ал өзүн өзү өлтүргөн болушу мүмкүн

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Бишкектин түштүгүндөгү 7-кичирайондо жашоочулар кыздын жансыз денесин табышты. Ал жерге барган милиция кызматкерлери ал өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн экендигин айтышты.

Күбөлөр “Кабар” агенттигине жансыз денени бүгүн эртең менен № 150 үйдүн алдынан табышканын билдиришти.

Милициядан кыздын өздүгү тактала электигин айтышты. Анын сырткы көрүнүшүнөн 25 жашта болушу мүмкүн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон окуя тууралуу тактап, күбөлөрдөн сурак алууда.

Пикир

Оставить комментарий