• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин түштүк бөлүгүндө футболдук талаа жана хоккей үчүн стадион салынат

Коом 0

Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. Бишкекте ири спорт объекттерди куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жаңы сейил бактын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин түштүк бөлүгүндө 30 гектар жерде футболдук талаа, хоккей үчүн стадион жана жаңы спорт сарайы салынат. Аны менен бирге жаңы имарат, бизнес-борбор жана мейманканалар курулат.

Өлкө башчы белгилегендей, келечекте, жаңы ачылган сейил бак өңдүү эс алуучу жерлер Бишкектин ар бир районунда салынышы керек.

Пикир

Оставить комментарий