• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин Түштүк магистралындагы веложолдун курулушу аяктады (фото)

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Түштүк магистралындагы веложол менен жөө адамдар үчүн жол салынып бүттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Веложол менен жөө адамдар үчүн жол Түштүк магистралынын эки жээгине Д.Садырбаев (мурунку Бах) көчөсүнөн Байтик баатыр (мурунку Совет) көчөсүнө чейин созулат. Анын узундугу 7,2 чакырымды түзөт.

Ал жолдорду бойлой жарыктар, 200 отургуч, 400 челек жана эки аялдама орнотулган. Ошондой эле Ала-Арча суусунун үстүнөн эки көпүрө салынган.

Пикир

Оставить комментарий