• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин тумары же борборго 50 метрлик бийиктиктен көз караш

Коом 0


Бишкек, 13.10.17 /Роман Гайнанов - Кабар/. И.В.Панфилов атындагы шаардык борбордук паркта дөңгөлөк аттракционунун расмий ачылышы болду. Бул Бишкектин эң чоң дөңгөлөгү – анын бийиктиги 50 метр.

Салтанаттуу иш-чарага вице-мэр Айгүл Рыскулова, парктын жетекчилиги, Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын өкүлдөрү, шаардыктар жана шаар коноктору катышышты.

Эски аттракцион2016-жылдын февралында бузулган. Анын иштөө мөөнөтү жете электигине карабастан, механизми өтө эскирип кеткен. Парктын жетекчилиги конструкцияны которууну чечкен. Себеби ал жогорку кооптуу объекттердин категориясына кирет.

Аттракциондун 16 бөлмөсү бар: 8и – жарым-жартылай ачык, 8и –айнек менен толук жабылган. Ичинде жылуулук системасы бар. Эми Бишкекке бийиктиктен жыл бою көз чаптырууга болот. Жайкысын аба желдетүү системасы каралган.

Ал гана эмес, конструкциянын өзгөчөлүгү - түнкү иллюминация. Жаңы аттракцион түсүн жана режимдерин өзгөртүп турат. Кечкисин бул көрүнүш абдан кооз көрүнөт.

Пикир

Оставить комментарий