• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болуп Алимбек Абдылдаев дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болуп Алимбек Абдылдаев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, Абдылдаев буга чейин "Бишкекжарык" ишканасын жетектеп келген. "Алимбек Абдылдаев мэриянын командасында 10 жылдай иштеди. Ал "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын башкы инженери болуп иштеген, кийин аны жетектеген", - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Пикир

Оставить комментарий