• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкектин тургундары эми мэрияга мобилдик тиркеме аркылуу өз арыз-муңдарын айта алышат

Коом 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургундары эми мындан ары мэриянын дарегине мобилдик тиркеме аркылуу өз арыз-муңдарын айта алышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ведомство арыздарды жана элден келип түшкөн кайрылууларды кабыл алуу үчүн расмий түрдө “Бишкек 312” тиркемесин ишке киргизген.

Аны ишке киргизүү тууралуу буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду. Билдирүүгө ылайык, аталган тиркеме сынамык режимде жылдын башында эле иштей баштаган.

“Арыздарды калтыруу үчүн алгач аталган тиркемени PlayMarket же AppStore аркылуу көчүрүп алуу керек. Аны активдештирүү үчүн өздүк маалыматтарды, аты-жөнүңүздү, телефон номериңизди жазып, тигил же бул тайпага кошулуу керек”, - деп айтылат маалыматта.

Тиркеменин колдонуучулары үчүн - турак-жай жана коммуналдык кызматтар, коомдук транспорт, жолдорду салуу, социалдык мекемелердин иши, шаарды көрктөндүрүү жана башка бөлүмдөрү ачык. Ошондой эле калаа тургундары “Бишкек мэриянын расмий каналы” аттуу бөлүмгө кирип өздөрүнүн сунуш-пикирлерин калтыра алышат.

Пикир

Оставить комментарий