• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин Турусбеков көчөсүндөгү тротуар оңдолот

Коом 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Бишкектин Турусбеков көчөсүндөгү тротуар оңдолот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Байсов райондун аймагындагы, тактап айтканда, Турусбеков көчөсүндөгү тротуарлардын абалы менен таанышты.

Муниципалитеттен кошумчалашкандай, текшерүү 2021-2022-жылдары Биринчи май районунун аймагында Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен «Жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында өттү.

Белгилей кетсек, Турусбеков көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн ЧЧКга чейинки бөлүгүндө жолду реконструкциялоо иштери аяктап, тротуарды жана ирригациялык системаны иретке келтирүү иштери калган. Оңдолгон участоктун узундугу 1300 метрди түзөт. Аба ырайынын ыңгайлуу шартында иш башталат.

Пикир

Оставить комментарий