• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин вице-мэри №3 балдар ооруканасынын абалын текшерди

Коом 0

Бишкек, 28.09.20 /Кабар/. Социалдык саясат боюнча калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева мектеп жана бала бакчалардын, оорукана жана поликлиникалардын кыш мезгилине жана ссык тумоо, КОВИД-19 ооруларынын күчөшүнө карата даярдыктарын текшерүүдө.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, вице-мэр Бишкектеги №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасын текшерди.

"Оорукананын палаталары, операциялык, процедуралык жана техникалык кабинеттери, кире беришиндеги чуңкурларды жамоо иштери текшерилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, Мозгачева оорукананын эффективдүү ишмердүүлүгү үчүн материалдык камсыздоо, дарыгерлердин коопсуз иш шартын түзүү (коргонуу каражаттары, дары-дармектер) боюнча маселелерге токтолуп, ар кандай кырдаалга даяр болууга тапшырма берди.

Ошондой эле вице-мэр операциялык жана экинчи блоктун чатырын оңдоого көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Өз кезегинде, мекеменин башкы дарыгери Гүлнар Жанабилова оорукана күз-кыш мезгилине толугу менен даяр экендигин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий