• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин вице-мэри аялдардын укуктары боюнча талкууга катышты

Коом 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясында “Инновация жана технология аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деген темадагы панелдик талкууга катышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, талкууда гендердик жана башка жергиликтүү деңгээлден баштап глобалдык деңгээлге чейин ар кандай тармактагы эксперттер сөз сүйлөштү.

Мэрдин орун басары белгилегендей, расмий маалыматтар боюнча 2021-жылы жумуш менен камсыз болгон калктын жалпы санында Бишкек шаарында аялдар дээрлик жарымын 42,4% түзөт жана Кыргызстандын башка аймактарынан айырмаланып, Бишкек шаарында жарандардын 82%га жакыны, анын ичинде аялдар жалданып иштешет.

Кызматкерлердин арасында аялдардын саны - билим берүү (79%), саламаттык сактоо (78%) жана башка кызматтарда (51%) байкалган.

В.Мозгачева баса белгилегендей, 2022-жылы Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайдан 17 жашка чейинки 1 млн 300 миңге жакын кыз катталган, алардын үчтөн бирине жакыны Бишкек шаарында жашайт, ошондуктан шаардын мэриясы мектеп, ошондой эле бала бакчаларда билим берүү системасын колдоо жана IT-билим берүүнү өнүктүрүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Талкуунун жыйынтыгында мэрдин орун басары өлкөнүн бардык ишмердүүлүгүндө, анын ичинде IT-технологиялар, ишкердик жана билим берүү тармагында аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий