• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин вице-мэри чет өлкөдөгү мекендештерге кайрылып, ошол жакта болуп турууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндө өткөн брифингде Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова чет жерден авиакаттамдар менен келип жаткан жарандардан коронавирус илдети тастыкталып жаткандыгын билдирди.

“Балким, алар илдетти учактан жуктуруп алышты, анткени учуу 4-6 саатты түзөт. Ошондой эле чет жерден келген жарандарга даярдалган обсервациялардан жугузуп алуу ыктымалдуулугу жогору. Буга байланыштуу чет жердеги жарандарга кайрылып, өздөрүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн эпидемиологиялык абал жакшырганча ошол өлкөдө болуп туруусун суранат элем”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-майга карата коронавирус жуктурган 35 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 575 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий