• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин вице-мэри Финполго "Бишкекжылуулукэнергого" байланыштуу маселе боюнча күбө катары чакырылган

Коом 0

Бишкек, 21.10.20/Кабар/. Кечээ, 20-октябрда мэрдин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (Финпол) чакырылган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Абдылдаев "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасына байланыштуу маселе боюнча күбө катары чакырылган.

"Ал маселени ар тараптуу изилдөө үчүн кеңири маалымат берди", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, бүгүн эртең мененки саат 8:00дөн баштап мэрдин кеңешчиси - вице-мэр шаардын турак жай-коммуналдык чарба маселелерин чечип, жумуш ордунда.

Эскерте кетсек, Алимбек Абдылдаев 2011-2019-жылдары "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасында иштеген.

Пикир

Оставить комментарий