• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин вице-мэри калаанын отказандарынын абалын текшерди

Коом 0

Бишкек, 20.01.21 /Кабар/. Бүгүн борбор калаанын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев күз-кыш мезгилинин жүрүшүн көзөмөлдөп, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын №21 мектеп-интернаты жана "Факел" отказандарынын абалын текшерди.

Муниципалитеттин маалматына ылайык, "Факел" от казаны "Газ шаарчасы" конушунда жайгашкан, 1526 адам жашаган 35 көп кабаттуу турак үйдү жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

“Бул жерде 1983-жылы эки ТВГ 4-Р буу казаны орнотулуп, пайдаланууга берилген. Буга чейин алар учурдагы жана капиталдык ремонттун натыйжасында эксплуатацияланып, буу казандарынын жана газ түтүктөрүнүн катмары жаңыланып, тышкы беттери тазаланган. Жыл сайын текшерүүлөр жана гидравликалык сыноолор жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда от казандарынын жылуулук көрсөткүчтөрү бир кыйла төмөндөдү, буга байланыштуу “Факел” от казанын модернизациялоо маселеси келип чыгууда.

Өз кезегинде №21 мектеп-интернатындагы от казан бул угуусу начар жана кийин укпай калагандар үчүн билим берүү уюмуна жылуулук берет.

“2020-жылы "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын өздүк каражаттарынын эсебинен көмүр от казаны жаратылыш газына өткөрүлдү”, - деп белгилешти мэриядан.

Вице-мэр "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын адистерине тез арада калган 22 көмүр от казанын отундун альтернативдик түрүнө өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий