• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин вице-мэри шаардык түзүмдөргө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева райондук акимдер менен шаар боюнча санитардык көзөмөлдү күчөтүү маселеси боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жумушчу кеңешмеге райондордун акимдери, медиктер, райондук башкармалыктын, социалдык өнүгүү, өзгөчө кырдаалдар бөлумүнүн, райондук Ички иштер башкармалыгынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери катышты.

“Өз кезегинде ар бир райондун өкүлдөрүнө Чыныбаева коомдук жайларда санитардык рейддердин санын көбөйтүүнү, уюмдардын, кафе жана ресторандардын, соода түйүндөрүнүн жетекчилигине кызматкерлердин жана кардарлардын арасында санитардык нормаларды милдеттүү түрдө сактоону эскертүүнү тапшырды",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, эгер сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз 118 колл-борборунун дарыгерлери менен байланышып, консультация алып, ооруну алдын алсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий