• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин вице-мэри жаңы конуштардын жашоочулары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Борбор калаанын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу "Балбан-Таймаш" жана "Ак-Босого" конуштарынын жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук акимиатына, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына,"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасына, "Кадастр" мамлекеттик мекемесине жана №15 муниципалдык аймактык башкармалыгына "Балбан-Таймаш" конушунун схемасынын мурунку инвентаризациясынын материалдарын аягына чейин иштеп чыгуу жана анын Сокулук району менен чек араларын аныктоо тапшырылды.

Вице-мэр №15 муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине кичи футбол аянтчасын, балдар аянтчасын куруу үчүн бекер жер тилкелери боюнча сунуш берүүнү тапшырды, ал эми «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы сунушталып жаткан аянтчалардын абалын карап чыгып статусун аныктайт.

Ак-Босого конушуна болгон иш сапардын жыйынтында Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына кичи Чүй каналы аркылуу автоунаалардын өтүшүнө көпүрө куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына газдаштыруу маселесин кароо үчүн турак жай конушунун схемасын даярдоо жана жарандардын эс алуусу үчүн жашыл аймак уюштуруу боюнча сунуш киргизүү милдеттендирилди.

Шаардыктардын суранычы боюнча "Тазалык" муниципалдык ишканасы конуштун борбордук көчөлөрүн технологиялык картасына киргизүү маселесин карап чыгат.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы 2020-жылдын өндүрүштүк планында каралган жарыктандырууну айдын аягына чейин бүтүрүп, ушул жылдын планына ылайык ишти баштоо тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий